Sega Mega Drive оюнун иштеп чыккан Хидэки Сато көз жумду

Японияда 77 жаш курагында Хидеки Сато дүйнөдөн кайтты. Ал оюн приставкаларын иштеп чыккан Sega компаниясынын негизги инженерлеринин бири болгон. Анын каза болгону тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда. Инженердин өлүмүнүн себеби ачыкталган эмес.
Хидеки Сато Sega компаниясына 1971-жылы кошулуп, анда 50 жылдан ашык эмгектенген. Ал бренддин аппараттык багытын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, үй шартында ойноого арналган бир катар оюн системдерин түзүүгө катышкан.
Анын катышуусу менен Sega Mega Drive (АКШда Genesis деп аталган), Sega Saturn жана Dreamcast сыяктуу атактуу приставкалар иштелип чыккан. Бул түзмөктөр 1980-1990-жылдары видео оюн индустриясынын өнүгүшүндө маанилүү орун ээлеп, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкты күчөткөн.
Айрыкча Mega Drive платформасында чыккан Sonic the Hedgehog оюну кеңири популярдуулукка жетип, анын каарманы - көк кирпи Sonic the Hedgehog - Sega компаниясынын символуна айланган.
Dreamcast өндүрүшү токтотулгандан кийин Sega негизинен видео оюндарды жана санариптик продукттарды иштеп чыгууга басым жасаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















