super.kg logo

Улуу Британия өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсүн чектейт 

 

Улуу Британияда ушул жылы 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсүнө чектөө киргизилиши мүмкүн экени айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр ушул жылдын жай айына чейин аткарылышы ыктымал. Тыюу салуу социалдык тармактарга гана эмес, ар кандай чат-ботторго жана жасалма интеллектке дагы тиешелүү болору айтылды.

Улуу Британиянын министрлер кабинети 16-февралдан тарта "Интернет коопсуздугу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам чыгаруу ишин баштаарын билдирген.

"Бүгүн биз балдардын келечегин тобокелге салган тешиктерди жаап, алардын келечеги үчүн пайдубал түптөп жатабыз. Балдардын жыргалчылыгын коргоп, ата-энелерге социалдык тармактарды көзөмөлдөөгө жардам берип жатабыз",- деген өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: