Депутат Машрапова министрдин орун басарын сынга алып, салам жолдоду
Депутат Гүлай Машрапова эмгек министринин орун басары Айнур Орозбаеванын комитет жыйынына келбегенин сынга алды.
Ал бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинде жыйынга жүйөсүз келбей коюу мамлекеттик кызматкерге жарашпай турган нерсе экенин белгиледи.
"Ал капа болбосун, салам айтып койгула. Өзүнүн ким экенин бүгүн көрсөтүп койду дегенди айткым келет. Себеби жүйөсүз экен. Бүгүнкү маселени башка күнгө калтыруу менен ал эженин бүгүнкү жасаган мамилеси, тартиби боюнча сөзсүз түрдө мыйзам алдында жоопкерчилик алуусун сунуш кылам",- деди эл өкүлү.
Депутат Машрапова министрдин орун басарын сынга алып, салам жолдоду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:9
2026-02-16
18:18
2026-02-15
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















