Оштун мэри көпүрөлөрдү бузуу иштерин текшерди
Бүгүн, 16-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Атабаев жана Төлөнов көчөлөрүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө аталган көчөлөрдө жайгашкан үч көпүрөнү бузуу иштери жеринде текшерилип, курулуш процессин ыкчам жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмалар берилди. Шаар башчысы иштерди белгиленген мөөнөттө жана коопсуздук талаптарын сактоо менен аяктоону милдеттендирди.
"Быйыл Атабаев жана Төлөнов көчөлөрү толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына жооп берген төрт тилкелүү жолго айландырылат. Долбоордун алкагында эски көпүрөлөр толугу менен жаңыланып, кеңейтилген заманбап көпүрөлөр курулууда",- деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:9
2026-02-16
18:18
2026-02-15
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















