super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-февралдан 22-февралга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул апта сиз үчүн тынымсыз кыймылдын, активдүүлүктүн убактысы болмокчу. Аптанын биринчи жарымында жумушка байланыштуу тапшырмаларды чукул арада аткаруу менен алек болосуз. Ал эми аптанын экинчи жарымын стресс учурлардан качып, иммунитетти көтөрүүгө, ден соолукка көңүл бөлүүгө арнаганыңыз оң. Алдыда үй-бүлөңүздө чоң той өтүшү күтүлүүдө, андыктан тойго даярдык иштери менен алектенишиңиз мүмкүн. Романтикалык жаатта досторуңуз бирөө жарым менен тааныштырат.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Материалдык абалыңызды оңдоого, жаңы пайда булактарын ачуу аракетин кылууга ыңгайлуу апта. Негизи эле бул күндөрү финансылык жааттагы иштерди колго алганыңыз оң. Үй тиричилигинде эмгектенгендерди жалкоолук басып, эч нерсени колго алгысы келбей, уйкусураган абал коштошу мүмкүн. Ден соолукта баш айлануу, алсыроо байкалат, витаминдүү тамак-аштарды жеп, таза абада көп сейилдегенге аракет кылыңыз. Унаа алам дегендердин максаты ишке ашуусу күтүлөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жумушта көп жылдык тажрыйбаңыз жардам берип, келип чыккан кандай көйгөй болбосун аны чечүү жолун таба аласыз. Коомдук жайларда, унааларда сак болуңуз, телефон, капчык же башка буюмуңузду уурдатып жиберүү коркунучу бар. Ден соолукта туруктуулук сакталат, негизгиси өнөкөт оорулардын өөрчүп кетпешин алдын алып туруңуз. Жеке жашоодо сиздин түзмө-түз катышууңуз керек болгон жагдай жаралышы мүмкүн. Түгөйүңүздөн жагымдуу сюрприз күтүңүз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Ойлонуу, эскерүү, талдап чыгуу сыяктуу көз ирмемдер көп болот. Буга өткөн чакта калган адамдар менен жолугушуу себеп болушу мүмкүн. Дүйнө таанымыңызды кеңейтүү үчүн окуу курстарына жазылыңыз, билимдүү, даанышман адамдар менен шериктеш болуңуз. Каржы тармагында өзгөрүүлөр күтүлбөйт, ошентсе да чыгымдарды азайтууга аракет кылган оң. Бойдоктордо “тынч” жаткан жеке жашоосу активдешип, жаңы жолугуулар болушу ыктымал. Апта соңу үй тиричилиги менен алек болосуз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Өзгөрүүлөрдүн аптасы. Буга чейин башыңызды оорутуп келген майда-чүйдө иштер арткы планга жылып, алдыга жашооңузга жаңылык алып келе турган иштер чыгат. Негизгиси кайсынысына күч жумшоону туура ажырата билиңиз. Жеке жашоодо жакындарга көңүл буруп, алар менен чогуу убакыт өткөргөнгө убакыт бөлүңүз. Үйгө же жеке өзүңүзгө керектүү гаджет же башка техника буюмдарын сатып алууңуз мүмкүн. Апта соңу тынчтыкта, жалгыздыкта эс алгыңыз келет.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жашооңузда жаңы барак ачылышы мүмкүн. Жумуштан которулуу, көтөрүлүү же башка аймакта иштөө сунушу түшөт. Ойлонбой макул болуңуз, мындай сунуштан пайда гана табасыз. Жеке жашоодо түгөйлөр ортосундагы мамилени бекемдөөгө, жаңы деңгээлге көтөрүүгө күч жумшаңыз. Аба ырайынын өзгөрүшүнө сезимтал адамдар ден соолугуна көңүл бөлгөнү жакшы, сезондук аллергия жана башка көйгөйлөр баш багат. Апта соңу тааныштардын жакшылыгына чакыруу аласыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Саякатка чыгуу, шопинг жасоо сыяктуу каалоолор күч алат, бирок капчыктын “оозун жаап”, бир аз карманып туруңуз. Каражатыңыз андан чоң нерсеге керек болуп калышы мүмкүн. Ден соолук жаатында нерв системин абайлашыңыз керек, болбогон нерсеге нерв коротуп, ачуулана бербеңиз. Сизге жакпаган адамдардын компаниясында эзилип отурбай, чакыруудан баш тартып эле коюңуз. Апта аягы көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз, уюштуруучулук иши колго тийиши ыктымал.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жакшы апта күтөт. Буга чейин бүдөмүк, белгисиздик каптаган абалдан суурулуп чыгып, өзүңүзгө күч, ишеним, максат, кыял табасыз. Күчтүү энергиядан пайдаланып көп нерсе бүтүрсөңүз болот. Бул күндөрү сиздин таасириңизге кирип, ээрчиген адамдар көп болот. Финансылык жаатта да колуңузга жакшы сумма тийиши күтүлөт. Дем алыш күндөрү экстремалдык спорт түрлөрү менен алек болушуңуз мүмкүн. Негизгиси коопсуздук эрежелерин сактоо керек.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Аптада стратегия түзүп, ошону менен кадам жасаганыңыз туура. Тобокелдикке баруу сунушталбайт, шашылышта туура эмес чечим чыгарып алышыңыз мүмкүн. Жумушта өз ордуңузду сактоо, керектүү экениңизди далилдөөгө туура келет. Мындай иштер сизге оорчулук жаратпайт, негизгиси өзүңүзгө болгон ишенимди жоготпоңуз. Романтикалык жаатта жаңы адамдардын пайда болушу күтүлбөйт, бирок “эскилердин” жандануусу толук мүмкүн. Каржы жаатында маселе жаралбайт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Чыгармачыл адамдарды сонун ийгиликтер күтөт. Өзгөчө кино тармагында эмгектенгендерге илхом келип, шедевр болчу долбоорду башташы мүмкүн. Текечерлер үчүн бул апта материалдык жактан өсүү тартуулайт дешет жылдыздар. Түгөйлөрдүн мамилесинде гармония сакталат. Айдоочулар жол эрежелерин сакташы керек, болбосо олчойгон айып пулга жыгылышы мүмкүн. Туугандар менен какшык аралаштырып сүйлөйм деп бирөө жарымын таарынтып алышыңыз ыктымал.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Аптада адаттан сырт көп адамдар менен жолугушууга, сүйлөшүүгө туура келет. Жаңы тааныш, пайдалуу байланыш табышыңыз мүмкүн. Жумушуңузда стандартка туура келбеген эксперимент жасашыңыз ыктымал. Ден соолукта жана каржы жаатында стабилдүүлүк сакталат. Аптанын экинчи жарымы башкалар эс алууга багыт алса, сиз тескерисинче, жумушка баш-отуңуз менен кирүүгө аргасыз болосуз. Өз күчүңүздү ашыкча баалап алып, бүтүрө албай кыйналып калбаңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Балыктарды жумшак энергия курчайт дешет жылдыздар. Кандай жумуш, маселе жаралбасын агрессияга алдырбай, жумшак тил, жумшак мамиле менен бүтүрө аласыз. Бул аптада жумушта, үйдө, каржы жаатында, сүйүү талаасында да ички туюмга ишенип кадам жасасаңыз, жаңылбайсыз. Көчүп-конуу же башка жеке жашоодогу өзгөрүүлөргө байланыштуу суроолор жаралса, тууган-урук менен кеңешүү оң. Жагымдуу кабар угушуңуз күтүлөт.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: