Чуулуу №13 округ... Саясий кырдаалдан кийин чыккан чечим
Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өткөн деп тааныды.
Отурумда аталган округ боюнча мурдагы үч талапкер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекованын мурдагы чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн арызы каралып, канааттандырылды. Мындан улам алар жеңүүчү деп таанылды.
Чечимди кайра кароого Ички иштер министрлиги жүргүзгөн иликтөөнүн материалдары негиз болду. Шайлоо тилкелеринде уюлдук телефондорду орнотуу менен байланышкан мыйзам бузуу фактылары талапкер Бакыт Сыдыковдун тарапташтары тарабынан жасалганы аныкталганы айтылып, башка талапкерлерге карата кылмыш иштери козголгон эместиги белгиленди. Натыйжада, Сыдыковдун гана гана шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды.
БШКнын жыйыны жана чыгарган чечими өлкөдө орун алган саясий кырдаалдан кийин болду.
Чуулу №13 округ боюнча эмне белгилүү?
Өткөн жылдын 30-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Деген менен 3-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жараксыз деп тапкан. Буга талапкерлердин биринин тарапташтары добуш берүү учурунда шайлоочуларды видеого тартып, купуя добуш берүүнүн тартибин бузганы далилденгени себеп болгон.
Аталган аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова болчу. Талан Мамытов Видеокөзөмөл орноткондор Сыдыковдун тарапташтары экени айтылган. БШК бирок аталган округда кайра шайлоо өтөрүн, ага мурдагы талапкерлер катыша албастыгын билдирген.
Ошентип №13 округда кайра шайлоо өткөрүү күнү 1-мартка дайындалган. Андыктан бул аймактан 25 талапкер шайлоо аттанышып, үгүт иштери башталган болчу.
Кийин эмне болду?
Шайлоо өткөрүү күнүнө жетпей өлкөдө саясий кырдаал жаралды. Тагыраагы, 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынды. Ага улай анын 3 орун басары да кызматтан алынып, УКМКнын жетекчилик курамына жаңы адамдар дайындалды. Мындан тышкары атайын кызматта түзүмдүк реформа да жүргүзүлдү. Андан кийин башка кызматтарда дагы кызматтык дайындоолор орун алды.
Бул окуядан 3 күн өтүп, БШКнын жыйыны болду жана жогоруда айтылгандай чечим чыкты. Мекеме азырынча кайра шайлоодогу үгүт иштери токтотулганы, ага катышып жаткан талапкерлерге эмне болору тууралуу расмий маалымат бере элек.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















