"Ден соолугуңду кара, тынч жүр”. Садыр Жапаров Ташиевге жолукту
Президент Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда өлкө башчысы "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.
Президент “ак сакалдар” Ташиевге айтпай план кылганын айтты.
"Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү. Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шүгүр, буга күчүбүз жетет",- деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2026-02-16
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















