super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров "досунун кадрларын кызматтан алууда" деген кептерге жооп берди

 

Бүгүн, 16-февралда президент Садыр Жапаров эл арасында “досу койдурган министрлерди жана жакын адамдарын кызматтан ала башташты, айрымдары өз арызы менен кете башташты” деген кептерге жооп берди.

Өлкө башчысы "Кабар" агенттигине берген маегинде жетекчилик кызматтагыларга саясатка аралашпай өз милдеттерин аткарууну буйруганын билдирди.

"Мен азырынча эч кимди кызматтан кет деп айта элекмин. Саясатка аралашпай ар кимиңер өз милдетиңерди аткарып иштей бергиле дедим. Өз арыздары менен кетип жаткандар болсо, кармабайбыз. Бирок бардык министрликтерде уурулук болгон жокпу, текшерилет. Уурдаган болсо жоопко тартылышат. Мен буга чейин дайыма өкмөт башчыдан баштап бардык министрлерге: “Кызматкерлерди алаарда жакын тууган, дос, жердеш, бажа деп албагыла. “Мени авам сактап калат же акам сактап калат” деп, андайлар коркпой уурдайт” деп эскертип келдим.

Эгер уурулуктары аныкталса ким болбосун жооп берет. Кудайга шүгүр, мен жакындарымдын бирөөсүн дагы мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун. Саясатка аралаштырган жокмун. Тээ жаңы келген кезде “эки кудасы бийликте олтурат” деп сындап чыгышканда экөөнү тең кетиргем. Экөө тең мен келгенге чейин эле ошол системада иштеп жүрүшкөн. Бирок ошого карабастан, “Туугандар, туура түшүнгүлө мага сөз тийип жатат, кызматтан кетип тургулачы” деп кызматтан алгам",- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: