Садыр Жапаров: “Өлкөнү күч менен эмес, баш менен башкаруу керек”
Бүгүн, 16-февралда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде өлкөдөгү саясат жана башкаруу тууралуу ой бөлүштү. Ал "75 саясатчы же депутаттар" пландап жаткан аракеттер, мөөнөтүнөн мурда шайлоо же төңкөрүш тууралуу суроого жооп берип, мындай кырдаал мүмкүн эмес экенин айтты.
"Эч кандай төңкөрүш же башка нерсе болбойт. Ага биринчиден, мыйзамдар жол бербейт, экинчиден, андай акыбал жок. Өлкөнү күч менен эмес, баш менен башкарыш керек. “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген накыл сөз бар. Мыйзамдарды окушка баштары жетпеген үчүн ушундай жолдорду ойлоп табышкан. “Күч менен башкарам” деген Бакиев азыр кайда? Күч менен башкарып келген Атамбаев кайда?
Биз өткөндөн сабак алганды үйрөнүшүбүз керек. Өлкөдө төңкөрүш болчу акыбал жок дегеним, бир суткада 24 саат болсо, 20 сааты иш үстүндөмүн. Баарын көзөмөлдөп карап турам. Туура эмес иштер болуп жаткан болсо, дароо тиешелүү министрлерге, акимдерге, губернаторлорго дароо тапшырма берип оңдотуп турам.
“Тарыхтын ак барактарында калайын, урпактарымды, жакындарымды кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып калтырбайын” деп беш жылдан бери кара жанымды карч уруп иштеп келе жатам. Албетте, кемчиликтер да бар, жок эмес. 100 пайыз көзөмөлдөгөнгө жетишпейсиң, робот же компьютер эмессиң дегендей. Бирок 70-80 пайыз көзөмөлдөп турганга жетишебиз",- деди өлкө башчысы.
Эскерте кетсек, 11-февралда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген 75 адам суракка алынганы белгилүү болгон. Андан соң ИИМ алгач топтун активдүү мүчөлөрү болгон деген негизде коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев кармалганын кабарлаган. Көп узабай эле дагы эки мүчөсү, тагыраагы, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалганын билдирген.
Ал эми Биринчи Май райондук соту аларды 10-апрелге чейин камакта калтырды. Аларга үч берене боюнча айып тагылууда.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















