Тажикстандан баңгизат ташууга аракет кылган жарандар кармалышты (видео)
Тажикстандан ири өлчөмдөгү ооган тектүү баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу кошуна өлкөлөргө алып өтүп, таратуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу 16-февралда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь айында мурда адам өлтүрүү фактысы менен соттолгон 1984-жылы туулган Ш.Э. жана 1987-жылы туулган А.М. аттуу Кыргызстандын жарандары менен мурда бир нече жолу соттолгон жакынкы кошуна өлкөнүн 1970-жылы туулган Т.Р. жана 1980-жылы туулган И.У. аттуу жарандары кармалышкан.
Ошол эле учурда алар тарабынан сатууга даярдалган ири өлчөмдөгү бангизаты мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.
Тажикстандан баңгизат ташууга аракет кылган жарандар кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















