Бишкекте мыйзамсыз иштеген үч реабилитациялык борбордун иши токтотулду (видео)
Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган "Хидальго", "Решение", "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборлорунун иши токтотулду. Бул тууралуу 16-февралда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, реабилитациялык борбордун директорлору жана айрым кызматкерлери көбүнчө дарылоонун адаттан тыш ыкмаларын колдонуп, аларды физикалык күч менен баш ийдирип, электрошокер колдонуп, керебетке, отургучка отургузуп кыйнап, ошондой эле аларды изоляциялык бөлмөлөргө жайгаштырып, муну менен оор психологиялык травма келтиришкен. Мындан тышкары, аталган борборлордо бейтаптарга колдонууга тыюу салынган күчтүү таасир этүүчү психотроптук препараттар табылып алынган.
Көрүлгөн чаралардын негизинде соттун чечими менен реабилитациялык борборлордун директорлорунун жана кызматкерлеринин ичинен Э.у.Ч., К.К.Б., Р.Ф.С., Ж.А.Ж., К.Э., Р.В.Г. жана М.А.А. аттуу 7 жаран камакка алынган.
Мындан тышкары, мындан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын эки өлүмү аныкталган. Азыркы учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Мыйзамсыз иш алып барган үч реабилитациялык борбордун иши токтотулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















