"Трагедия кылбагыла". Президент бөлүнүүнү саясатчылар баштаарын айтты
Бүгүн, 16-февралда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде бөлүнүүнү саясатчылар баштаарын билдирип, эл курал болуп келгенин эскертти.
"Саясатчы элди курал кылып колдонот дагы бийликке келет, карапайым калкка бир тыйынчалык пайдасы тийбейт. Керек болсо дасторконуна бир сындырым нан ашыкча түшүп калбайт. Баш аламандыктарда жаракат алганы деле карапайым калк, өлгөнү деле карапайым калк. Же эмне акыркы 30 жылда бир саясатчынын жакыны өлгөнүн көрдүңөрбү? Ошондуктан саясатчылардын бузукулук сөздөрүнөн трагедия кылбагыла. Мен акыры түндүк-түштүк деген ооруну жок кылам. Убакыт керек",- деди өлкө башчысы.
Жапаров президент болгондон кийинки биринчи жолу Баткенге барып, эл менен жолуккандагы окуяны мисал кылды.
"Карапайым элдин арасынан бирөөсү айтып калды. Эми аны ошол жерден чыккан бир саясатчы айттырып жатканын билем да. “Өкмөттө бир дагы Баткенден чыккан министр жок экен”, - дейт. Анан мен айттым, “Макул Баткенден бүгүн бир министр коюп берейин, эртең сиздин дасторконго бүгүнкүдөн эки эсе көп тамак-аш толуп баштайбы?” - десем, “Жок”,- дейт. “Анда эмесе бүгүндөн баштап мен сиздин министр, мен сиздин депутат болуп берейин” - дедим. “Эч бир регионду бөлбөйм, баарына бирдей караймын” - дедим. Ошол сөзүмдү бүгүн аткарып жатам. Баткенге МИКтин үйлөрү, стадион, жолдор, мектептер салынып жатат. Баткенге завод-фабрика салам деген инвесторлорду жиберип жатам. Албетте, кемчиликтер бар, жок эмес. Баарын бир жылда эле “сүф” деп, оңдоп жибергендей сыйкырчы эмеспиз",- деди президент.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















