Кызматтан алынган министрлердин ордуна жаңылары дайындалышты
Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалса, Талантбек Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Президенттин администрациясы алардын талапкерликтери Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилерин билдирди.
Буга чейин Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан, Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулганы кабарланган.
Айта кетсек, Токтобаев буга чейин "Кыргызгеология" мамлекеттик агенттигинин директорлук кызматын ээлеп турган.
Солтобаев болсо сентябрь айында кармалган. Ага чейин транспорт министринин биринчи орун басары кызматын аркалап турган. Ал Нарын шаарындагы Шералиев, Ленин көчөлөрүндөгү жолдорду капиталдык оңдоодо мыйзамсыз иштерге барган деген негизде УКМК тарабынан камакка алынган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















