Бишкекте интим кызматына тиешеси бар делгендер милицияга жеткирилди
Бишкекте интим кызматын көрсөтүп келишкен жана андай жайларды уюштурушкан деген шек менен 20 жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.
Маалым болгондой 2 күн сауналар, мейманканалар жана ижарага алынган батирлер текшерилген. Натыйжада, 20 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын ичинен 10 жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Калган 10уна Укук бузуулар жөнүндө кодекстин (Сойкулук менен алектенүү) негизинде протоколдор түзүлгөн.
Бишкекте интим кызматына тиешеси бар делген 20 жаран милицияга жеткирилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















