super.kg logo

Чолпон-Атада УКТ мүчөсүнүн үйүнөн курал-жарактар табылды

 

Чолпон-Ата шаарынын 39 жаштагы тургунунун үйүнөн курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.

Маалымдалгандай, ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Анын турак жайынан төмөнкү буюмдар табылган:

  • HATSAN 125 үлгүсүндөгү 4,5 миллиметр калибрлүү оптикасы бар пневматикалык курал;
  • Узундугу болжол менен 30-35 сантиметр болгон жыгач саптуу канжар;
  • 3 даана заводдук аңчылык бычак (кыны менен), узундугу болжол менен 20-25 сантиметр;
  • 2 даана заводдук бүктөлмө маки;
  • Тиешелүү документтери жок ак түстөгү SEADOO FLI 373 KD үлгүсүндөгү 2 тактылуу моторлуу катер;
  • Болжол менен эликтин мүйүзү;
  • 4 даана балык уулоочу кайырмак;
  • 2 даана балык салуучу түйүлгөн баштыкча.

Аталган бардык буюмдар далил зат катары алынып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: