super.kg logo

Бишкекте 22 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

 

Бишкекте 22 жаштагы кызды сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы кабарлады.

Маалымдалгандай, кырсык бүгүн, 16-февралда болжол менен саат 07:30да Тыналиев көчөсүндө болгон. Анда 35 жаштагы айдоочу KIA K5 үлгүсүндөгү унаасы менен бурулуп жатып, жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. 22 жатшагы кыз алган дене жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коорсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Унаа атайын айып аянтчасына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: