Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Нурлан Сабуровдун иши боюнча иликтөө баштады
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети белгилүү куудул Нурлан Сабуровго карата иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Казак басылмасы Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка ылайык, редакция тарабынан Сабуровго карата Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Жалданмачылык) боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгы такталган.
Аталган беренеде согуш же куралдуу кагылыштарга адамдарды жалдоо, аларды окутуу, каржылоо же даярдоо, бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган аракеттерге катышуу сыяктуу аракеттер бар.
Буга чейин социалдык тармактарда Нурлан Сабуров орусиялык аскер кызматкерлерине акчалай жардам көрсөтүп жатканын көрсөткөн видео кызуу талкууга алынган.
Эске салсак, куудул Нурлан Сабуровго Орусияга 50 жылга кирүүгө тыюу салынганы маалым болгон.
Маалыматтарга караганда, Сабуров Дубайдагы эс алуусунан кайтып келе жаткан учурда Москвадагы Внуково аэропортунда чек ара көзөмөлүнөн өтүү маалында токтотулган. Дал ошол жерде ага Орусия аймагына кирүүгө тыюу салынганы кабарланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















