Шайырбек Ташиев агасынын кызматтан алынышына комментарий берди
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев "Азаттыкка" берген маегинде ага каршы козголгон кылмыш иши жок экенин айтып, камакка алынганы тууралуу маалыматтарды четке какты.
Ал ошондой эле агасы Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагалыгынан алынышына комментарий берип, президенттин чечимин талдоодон алыс экенин билдирген.
“Мен жолуктум. Бир тууган болгондон кийин чогуубуз. Ага-ини катары жакшы мамиледебиз. Ата-энебиз дүйнөдөн өткөндөн кийин Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн атасы да, апасы да ушул киши болуп калган. Дарыланып келгенден кийин ден соолугу бир аз жакшы. Ден соолугун чыңдаганга дагы убакыт керек.
Ал эми президенттин кабыл алган чечимдери боюнча эми бардык кызматкерлер, жарандар президенттин чечимин аткарыш керек. Ал президенттин чечими. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз аны туура же туура эмес деп талдагандан алыспыз. Бул чечим биздин үй-бүлөдө эч кандай деле резонанс болгон жок",- деген ал.
Айта кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Шайырбек Ташиев кармалды делген маалыматтар тараган. Деген менен ал бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынына катышты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















