super.kg logo

Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

– Бизге бакыт каалап жатасызбы ошондо? Кандай шарт менен?

– Шартсыз, жөн гана жашооңордон чыгып кетем. Хм, менден күтпөдүң беле муну?

– Ооба, сиз “мен өлсөм өлөм, бирок Акбардан ажырабайм” дегенсиз.

– Дегем. Бирок жаңылыптырмын. Меники болбогон жүктү көтөрүп, мен деп сокпогон жүрөктү зордоп эмне кылам? Эгерде мен дагы аны сүйсөм, балким, дагы деле кармаша бермекмин, бирок мен Акбарды сүйбөгөнүмдү түшүндүм. Чоң сүйүү деле бир убакта жоголот тура. А балким, чарчаса керек. Ошондуктан силерге чын жүрөктөн бакыт каалайм. Балдар да муну түшүнүштү, эми эч ким силерге тоскоол болбойт.

Айкөл капыстан келген бактысына ишене бербегендей көздөрүн бакырайтып карап турду. Бир ишенип, бир ишенбей, баланыкындай таза көздөрү менен тиктеп турганына Мариям да суктанды. Дал ушул мүнөттө Акбар ага эмне үчүн мынча башы айланып, бар-жогунан кечип ашык болгонун түшүндү. Кеп анын сулуулугунда деле, жаштыгында деле эмес эле. Анын көкүрөгүнүн тазалыгында болчу. Адатта сүйүшкөндөр окшош болушат, Акбар да дал ушундай тазалыкты, күчтү, сезимтал жан дүйнөнү издеген окшойт. Анткени ал да ошондой адам эмеспи.

– Жакшы болот баары,- деди ал жылмайып. Муну өзүнө айттыбы же Айкөлгөбү, белгисиз эле. Коштошуп, Мариям ордунан туруп жөнөдү.

– Рахмат... Айкөл аны кучактай калды, бул аракет өзүнөн өзү пайда болду, бактысыз көрүнгөн, бирок мээримдүү бул аялды бооруна кыса кучактагысы келди. Кучакташып турушту бир саамга. Ушундан кийин бири-биринин көзүнө караганда алардагы мурунку душмандык таптакыр жоголгонун сезишти.

ххх

Күн батып бара жаткан маал эле, жаз келгенде Акбар чарбагындагы бир аз жерине дыйканчылык кылууну жактырчу. Эмнегедир бир күнү Айкөл кайрылып келчүдөй сезиле берчү. Ал келгенде баары көрктөнүп турушун каалачу. Бул анын тээ тереңдеги купуя тилеги эле. Ал эми иштен чарчап келгенде ушул чарбак менен алышып ырахат алчу. Чындыгында анын балалыгы дыйканчылык менен өткөн эле. Жерден боорун көтөргөндөн эле агасы экөө талаада иш кылышчу. Адам кырктын кырына келгенде балалыгын көп эстеп, андагы кубанычтуу нерселерди, жаркын бир элестерди эстеп, жадынан чыгарбаганга аракет кылат тура. Акбар өз ойлору менен алышып, ишин улантып жатты. Бир маалда бир машине дарбазасынын түбүнө келип токтогонун байкады. Ким болуп кетти экен? Болсо эле Эламан досу болуш керек. Бүгүн жалгыздыкта тамак ичпей, бирөө менен кобурашып тамактанат экен да. Сүйүнүп кетип дарбаза жакка кадам таштады. Бир, эки кадам калганда эшик шарт ачылып, алдында турган Айкөлдү көрдү. Бирөө союл менен чапкандай артка кетенчиктей берди. Бир нерсеге чалынып кеткендей болду, дубалдарга таяна энтиге туруп калды. Көзүн ачып-жумду. Жок, элес эмес экен. Турат, көзүнө жаш чайып, ал дагы көзүн бакырайтып турат.

– Айкөл!

Муну оозу айттыбы же жүрөгүнүн шыбыры беле, белгисиз. Чуркап келип Айкөл кучагына жыгылды.

– Мен келдим, өзүм келдим. Анткени сизден эки кадам алыстай албай койдум. Унутам дедим, жашоомду кайра баштайм дедим. Күрөштүм, чабалактадым, акыры баары бир келишим керек экенин түшүндүм. Мен келдим, эми бизди өлүм гана ажыратсын деген тилек менен келдим.

– Сен, сен...

– Башка сөз айта албай мукактанды Акбар. Эки тамчы көз жаш акты жаагынан ылдый. Таарынычы, кубанычы, өктөөсү, ызасы баары кошулуп ушул тамчы көз жаштын изинде калды.

ххх

– Сен кызык экенсиң, өзүң барып таап келгениң кызык экен ал кызды,- деди Эламан болгон окуяны бир топ күндөн кийин Мариямдан угуп отуруп.

– Ушуну туура көрдүм, кечиксем да алардын бактысына себепчи болгум келди. Досуң бактылуудур?

– Айтпа, мындай Акбарды өмүрү көрө элек элем. Көздөрү жанып, айтарга сөз таппай делдектейт. Ааламды тартуу кылгысы келип калыптыр досумдун. Аны карап туруп жашагың келет го. Эламан ойлуу сүйлөдү, ал кайра көнгөн өлкөсүнө, Америкага кеткени жаткан. Мариям менен коштошууга келген эле. Коштошуу менен бирге көкүрөгүндө сайылган шибегедей болгон ага болгон сезиминен биротоло кутулууга келген. Бирок эмне деп сөз айтып, эмне деп коштошорун билбей жатты... Ойлуу отура берди.

– Сен эмне мынча ойлонуп калгансың?

– Билбейм,- деди ал желкесин кашылай. Куду биринчи класстын баласы эжейинин алдында тургандай сүрдөй берди. Мариямдын көзүнүн алдындагы бырыштарга, балдарына арналган өмүрүнө, колдору шыпылдап жасап жаткан ишине телмире тиктеп турду. Ага ушунча жакын образ болчу бул. Анын апасы да Мариямга окшош эле, балдарын жалгыз чоңойтту. Эмнегедир Мариям, анын кол машинеге бир нерсе тигип отурушу, колдору ага дүйнөдө жок кооз нерседей сезилди. Баласы үчүн күйпөлөктөгөн эне, күчтүү аял, күйөөсүнүн сүйүктүүсүн таап келе алганчалык айкөл жан. Болсо сулуулук ушунча болор, чиркин.

– Дүйнөнү көп кыдырдым, көп кооздуктарды көрдүм. Не деген искусство чеберлеринин ишканасында болдум. Бирок сен жасап жаткандай сулуулукту көрбөдүм...

– Ээ? Рахмат,- Мариям сөзгө маани бербегендей ишин уланта берди. Буга бир чети ызалана түштү Эламан.

– Мен сени менен коштошкону келдим.

– Кетип жатасыңбы?

– Хм, ооба.

– Жалгыз элеби?

Уландысы шилтемеде.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: