Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Эми жакын адамың болгондон кийин сүйүнүп эле жанына акырын жете келип, көзүн колдорум менен жапсам:
– Айнур, болдучу? Барып келдиңби?- дейт. Колумду дароо алып, өзүмдү көрсөттүм.
– Сен кайдан?- деп таң калып калды. Көрсө, жубайы да шаарга келген экен кийингени. Анан аянтка да сейилдешип келгендегиси экен. Экөөбүз сөз алышып жатсак, жубайы келип калды. Сүрөттөгүдөй сулуу эмес, орто. Ичи чыгып калган кичине томпоюп. Аны баштан-аяк карап бир сынап өттүм. Күйөөгө тийген бардык аял эле ушинтип жүдөп калабы, түшүнбөйм.
– Бул ким?- деп мени сурады. Мен классташы болом дедим. Бул чындык. Калп айтканга да убара болгон жокмун. Мен кеттим деп жөнөп кеттим. Адилет сөз сүйлөй албай жаман эле акыбалда калды. Эркек деген ушул да! Сенин көзүңчө жадакалса айды алып берүүгө даяр, сонун нерселерди убада беришет. А аялынын жанында мышык болуп калышат. Эртеси кечинде үйгө кирип келди. Кире бериштен эле “эмнеге келдиң?” дедим. Мени таң кала карап, анан бут кийимин чечип жатып бир топтон соң күлүмсүрөп:
– Кызганып жатасыңбы?- дегенде жинденип кетип, ички бөлмөгө кирип кеттим. Артымдан кирип келип кучактап, эркелетип жатты. Мен тултуям. "Аялыңа бар, мени ойлобой" деп айтканым менен, бул сөздү айтуу мен үчүн оор болуп жатты. Өзү эркек менен өтө жакын мамиледе болуу кооптуу. Сүйбөсөң да ага байланып, көнүп каласың. Бир топтон кийин анан жазылдым.
– Аялың эмнеге келди?
– Ал байкушум эртеден кечке казан-аяк менен алышып жүрө берип күн деле көрбөйт. "Шаарга алып барып келиңизчи" деп суранып калды. Ойноттум.
– Сен өзү кимди көбүрөөк жакшы көрөсүң? Мениби же аялыңдыбы? Байкушум деп аяп коёсуң да...
– Сени... Жүрөгүмдүн төрүндө сенсиң,- деп бетимден өптү. Ыраазы болуп отуруп калдым. Бир аздан кийин жөн эле айтып көрөйүнчү, эмне дээр экен деп:
– Адик, мага машина алып берчи,- дей салдым.
– Жаным. Эмне шарт эле?
– Жөн эле. Акчаң болбосо дароо эле айт.
– Акчам бар. Кытайга кийинки барып келгенден кийин алып бергенге аракет кылам.
– Эмнеге азыр эмес?
– Азыр... Азыр шаардан үй алганы жатам.
– Сонун жаңылык го?- деп сүйүнө түштүм.
– Жакшы да. Батирге акча төлөбөй, өзүбүздүн үйүбүз болот,- деп кубанып алыптырмын. Адилет мукактана:
– Биз ата-энемден бөлүнгөнү жатабыз. Ал жерде аялым менен жашай турган болгом. Үйгө эжем үй-бүлөсү менен келип жашамак болду. Ата-энем да...- дегенде сөзүн аягына чейин укпай, ордумдан тура силкине кетип калдым. Терезеге барып кадалып турдум. Адилет артымдан келип кучактап:
– Эмне болду? Эмне эле жаш бала болуп жатасың, жаным?- деп кабак-кашымды карап калды.
– Эч нерсе. Аялыңды алып келсең, мага келбей деле калат экенсиң да.
– Жок. Мен сени таштабайм, коркпо. Экөөңөрдүн ордуңар башка-башка.
– Далилдечи?
– Кантип?
– Өзүң билесиң. Кимди чындап жакшы көрөрүң ошондо билинет,- деп кучагынан суурулуп ваннага кирип кеттим.
Ойлонсун. Артымдан ээрчип, мени менен жүрүп алып, аялына жыргатып шаардан үй алып берет экен да?! Менчи? Мага короткон акчасынын дайыны жок. Керек болсо мага аялына караганда көп акча коротушу керек болчу! Мен ошого татыктуумун! Ваннадан шашпай жуунуп чыктым. Ойлуу отуруптур. "Ойлондуңбу?" десем, мени карайт жалдырап. Ошол эле убакта мен жакта турган телефонуна аялынан чалуу келип калды. Ордунан тура алайын деди эле, телефонун дароо алып башка бөлмөнү көздөй ыргытып жибердим. Адилет таң кала эле карап калды. Денемден халатымды чечип, коңгуроодо коюлган жагымдуу музыкага бийлеп кирдим. Адилет кармана алган жок. Көп өтпөй экөөбүз төшөктө Адилеттин аялынын улам-улам чалуусундагы музыкада бири-бирибиз менен алышып жаттык.
Эх! Мен максатыма жеттим. Адилеттин мага "жакын арада унаа алып берем, үй күтө турат" деген убадасын укканда, өзүмө ыраазы боло асманды карай жатып калдым.
05.10.ХХХХ. Сүйүнчү! Жаңы тулпарлуу болдум. Кубанычымда чек жок! Адилет үйүн азырынча коё турам деп койду. Албетте, үйүндө жаңжал болуптур. Аялы чакчаңдады да, каякка короттуң акчаңды деп. Билип эле турам. Ким амалкөй болсо, ошол биринчи болуп марага жетет. Бул кезекте мен жеттим. Жеңиштин даамы кандай сонун! Адилет айылга кеткен. Мен жүрөм жаңы тулпарымды айдап алып. Эжеме сүйүнчүлөдүм! Бирок жан бир тууганым анча деле сүйүнгөн жок. Эми эмне кылайын. Адилет жакын арада досунун бир фирмасына алып барам деди. Иш боюнча, иштейм деп жатпадым беле. Ал досунун чакан бизнес фирмасы бар экен. Сүйлөшүп көрөм деди. Сүйүнүп жатам. Кызым менен сүйлөштүм. Ал капалуудай. Эмне болду десем, айтпай койду. Эжем жөн эле маанайы жок деп койду. Үйдө жатам азыр, жасанып алып. Маникюрга да барыш керек эле...
Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















