Түркмөнстанда да масштабдуу кызматтан кетирүү иштери жүрүүдө
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 50дөн ашуун жарлык жана токтомго кол коюп, мамлекеттик кызматтарда бир катар кызматтан алууларды жана дайындоолорду жүргүздү. Бул тууралуу Фергана агенттиги кабарлады.
Кызматтан вице-премьерлер Мамметхан Чакыев, Байрамгуль Ораздурдыева жана Батыр Аманов бошотулду. Алардын ордуна "Түркмөн деңиз жана дарыя транспорту" агенттигинин мурдагы төрагасы Батыр Аннаев, Түркмөн мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун мурдагы ректору Батыр Маммедов жана "Түркмөннефть" мамлекеттик ишканасынын мурдагы төрагасы Гуванч Агаджанов дайындалды.
Ошондой эле бир катар министрликтер менен мекемелердин жетекчилери кызматтан алынды.
Мырат Маммедов пенсияга чыккандыгына байланыштуу Түркмөнстандын саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Мыратберди Гайыпов дайындалды.
Чарыгелди Бабаныязов айлана-чөйрөнү коргоо министри кызматынан алынып, анын ордуна Овезгелди Гошджанов келди.
Бегмырат Атаев Түркмөнстандын тамак-аш өнөр жайы мамлекеттик бирикмесинин төрагасы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Байрамдурды Тедженов дайындалды.
14-февралда президенттин жарлыгы менен улуттук коопсуздук министри Назар Атагараев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулду. Министрликти эми Довлетгелди Мередов жетектейт. Түркмөнстанда Автомобиль жолдорун курууну башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Автомобиль жолдор министрлиги түзүлдү. Аны Хангелди Керимов жетектеди.
Ашыргулы Беглиев пенсияга чыккандыгына байланыштуу президенттин мунай-газ маселелери боюнча кеңешчиси кызматынан бошотулду.
Бердымухамедов ошондой эле Түркмөнбашы, Түркмөнабад, Мары шаарларынын жана бир катар райондордун башчыларын алмаштырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















