Ким Чен Ын өзүнө мураскер тандады: Ал ким жана аны кандай кыйынчылыктар күтөт
Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э анын мураскери болуп дайындалуу этабына киргенин аныктады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын депутаттарына шилтеме берүү менен "Рёнхап" маалымат агенттиги жазды.
Маалымат 12-февралда парламенттин чалгындоо комитетинин жабык жыйынында берилген. Чалгын кызматы Ким Чжу Э өлкө үчүн маанилүү иш-чараларга, мисалы, армия күнүн белгилөөгө жана Кумсусан Күн сарайына барууга катышканын билдирген. Ал ошондой эле айрым саясий маселелер боюнча талкууларга катыша баштаган. Ошондой эле Чалгын кызматы отчётунда Ким Чен Ындын кызы жөнүндө сөздөрүн өзгөрткөн. Кызмат мурда "мураскерди даярдоо" деген терминди колдонгон болсо, бирок бүгүн "мураскерди дайындоо этабы" деген терминди колдонгон.

Саясий серепчилердин айтымында, Түндүк Кореянын лидери акыркы төрт жыл ичинде кызын ырааттуу түрдө болочок мураскер катары коомчулукка көрсөтүп келүүдө.
"Ким Чен Ын кызын алдын ала алдыга чыгара баштады. Ал элдин көзүнө көрүнүп, коомчулукка тааныш болушу үчүн атайын ушундай кадамдар жасалууда", — дешти серепчилер.
Ким Чен Ындын кызы тууралуу эмне белгилүү?
Чыгыш таануучу, Сеул шаарындагы Кунмин университетинин профессору Андрей Ланьков белгилегендей, КЭДР лидери Ким Чен Ындын кызынын чыныгы ысымы азыркыга чейин расмий түрдө жарыялана элек. Ким Чжу Э деген ат – болгону божомол гана.
Ошондой эле анын так жашы да белгисиз бойдон калууда. Айрым маалыматтарга ылайык, ал 2012-жылы же 2013-жылы төрөлгөн болушу мүмкүн.
Андрей Ланьков мисал катары Ким Чен Ындын өзүнүн аты да бир кезде белгисиз болгонун эске салды. Алгач айрым булактарда анын ысымы "Ким Чен Ун" деп жаңылыш жазылып жүргөн. Бул Кимдердин үй-бүлөсүн тааныган жапон ашпозчусу "Ы" тыбышын туура укпай калганы менен байланыштуу экени айтылат.
Ысымдын ордуна титулдар колдонулат
Адис ошондой эле Ким Чжу Э Түндүк Кореянын расмий маалымат каражаттарында өз аты менен эмес, ар кандай титулдар аркылуу аталганына көңүл бурду.
Анын айтымында, бир убакта ал "тончжи" деп аталган — бул "улук жолдош" же "жетекчи-жолдош" дегенди билдирет. Кийинчерээк ага "хяндо-ый видэхан пун" деген наам ыйгарылган. Бул түшүнүк түз которулбайт, бирок мааниси "жол көрсөтүп турган улуу инсан" дегенге жакын.
Маалымат каражаттарындагы активдүүлүк
Жапон эксперттеринин баамында, Ким Чен Ындын кызы расмий түндүк кореялык маалымат каражаттарында 600 жолу эскерилген. Бул анын коомдук жана саясий символ катары активдүү алдыга умтулуп жатканын көрсөтөт.
Мындан тышкары КЭДР жетекчилиги мураскерликке түздөн-түз ишарат кылган терминдерди колдонуп баштаган. Тактап айтканда, Ким Чжу Э тууралуу сөз болгондо Пэктусан тоосунун "кан сызыгы" деген түшүнүк айтылууда. Бул Түндүк Кореяда бийликтин династиялык мүнөзүн баса белгилеген өзгөчө символ болуп эсептелет.
Эгерде Чжу Э атасынын жолун жолдой турган болсо, анда ал Түндүк Кореянын 1948-жылы Коммунисттик бийлик түптөлгөндөн берки алгачкы аял лидери болуп калмакчы.

Ким Чен Ындын мураскери кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн?
Чыгыш таануучу, Сеул шаарындагы Кунмин университетинин профессору Андрей Ланьков белгилегендей, КЭДР лидери Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э болочок лидер катары эски, патриархалдык аскердик жана саясий элита тарабынан кабыл алынбай калышы мүмкүн.
Анын айтымында, бул олуттуу маселе жаратат. Бирок эгер Ким Чжу Э өзүн катуу, чечкиндүү жана күчтүү жетекчи катары көрсөтө алса, анда элита ага баш ийүүгө аргасыз болот.
"Бул жерде көйгөйлөр бар. Бирок эгер кыз мүнөзүн көрсөтүп, өзүн күчтүү жана катаал лидер катары көрсөтсө, анда элита толугу менен анын артынан ээрчийт", — деди Ланьков.
"Күчтүү лидер" образын калыптандыруу
Адистин айтымында, Ким Чен Ын кызынын келечектеги лидерлик образын атайын түрдө калыптандырууда. Ошондуктан ал кызын курал-жаракка, ракета сыноолоруна жана аскердик-өнөр жай комплекси менен байланышкан объекттерге байланыштуу иш-чараларга дайыма алып чыгууда.
Бул кадамдар Ким Чжу Энин "эр жүрөк", "аскердик чөйрөдө тарбияланган" жетекчи катары кабыл алынышына багытталган.
"Бул жерде ачык эле аскердик-өнөр жай комплекси тарапка басым бар. Максат — “ал полигондордо өскөн” деп айтууга шарт түзүү. Ким Чжу Э эч качан “балдар үчүн” уюштурулган иш-чараларда көрүнгөн эмес. Ким Чен Ын аны зоопаркка да, аквапаркка да алып барган эмес. Ал жактарга аялы менен барганы белгилүү, бирок кызы менен эмес", — деп түшүндүрдү Андрей Ланьков.
Адистердин баамында, бул саясат Түндүк Кореядагы бийликтин мураскерлик транзитине коомчулукту жана элитаны алдын ала даярдоого багытталган.
28-январда КЭДРдин лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен бирге ири калибрдеги реактивдүү залптуу ок атуу системасынын (РЗСО) сыноосуна катышкан. Сыноо учурунда атылган төрт ракета 358,5 чакырым аралыктагы буталарды так атканы маалымдалган.

Ошондой эле 2-сентябрда Ким Чжу Э атасы менен бирге Пекин шаарына барып, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана Япониянын капитуляциясынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышкан. Бул сапардын алкагында Ким Чен Ын Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен жолугушууларды өткөргөн.
Чыгыш таануучу, Сеулдагы Кунмин университетинин профессору Андрей Ланьков белгилегендей, акыркы жылдары Түндүк Кореянын саясий элитасында аялдардын ролу кыйла күчөдү.
Анын айтымында, Ким Чен Ын аялдарды жогорку кызматтарга көп дайындай баштады. Учурда тышкы иштер министри жана президенттик администрацияга теңештирилген катчылыктын жетекчиси да аялдар. Экономика тармагында да аялдардын ролу жогору экени белгиленет. Айрыкча 1990-жылдардагы оор экономикалык кризис маалында дал ошол аялдар жаңы түндүккореялык ишкерликтин калыптанышында маанилүү роль ойногон.
"Түндүк Кореянын элитасынын жаш мууну, негизинен, аял да толук кандуу инсан экенин түшүнө баштады", — деди Ланьков.
Мындан тышкары эксперт 2010-жылдардын башында эле аял башкаруучунун пайда болушу мүмкүн экени талкууланганын эске салды. Анын айтымында, Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон катуулугуна байланыштуу өлкөнүн экинчи лидери Ким Чен Ирдин мүмкүн болгон мураскери катары олуттуу каралган. Бирок ал кездеги элита өтө консервативдүү болуп, мындай чечимге каршы чыккан.
Учурда Ким Ё Чжон Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматын аркалап, тышкы саясат боюнча курч билдирүүлөрү менен таанымал. Ал айрыкча АКШ жана Украинага карата сын пикирлери менен белгилүү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















