УКМКнын төрагасынын милдетин аткарып жаткан Жумгалбек Шабданбеков 1970-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Эмгек жолу:
1991-жылы Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Талас облусунун Салык кызматында инспектор, улук инспектор болуп эмгектенип баштаган.
1994-жылдан баштап улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп келет. Мамлекеттик күзөт кызматында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунда, чалгындоо кызматында жана коррупцияга каршы кызматында түрдүү кызматтарды аркалаган.
2020-жылдын октябрында УКМК төрагасынын орун басары - 9-кызматтын жетекчиси болуп дайындалган.
2022-жылы ага генерал-майор аскердик наамы ыйгарылган.
2026-жылдын февралында президенттин жарлыгы менен УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Учурда анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин комитет жыйындарында каралууда.