Караколдо ири алдамчылыкка шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын бүгүн, 16-февралда берген маалыматына ылайык, 2026-жылдын 2-февралында Каракол шаарынын 1998-жылы туулган О.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында 2025-жылдын 21-декабрында М.А. аттуу чет өлкөлүк жаран Каракол шаарындагы конок үйүнүн курулуш иштерин бүтүрүп берүү үчүн 5 миллион сом акча алганын, бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаны кайтарып бербей жатканын билдирген.Аталган арыз боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1981-жылы туулган М.А. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү чет өлкөлүк 7 жаранды курулуш тармагына уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз ишке тартып, иштетип жүргөндүгү аныкталган. Аларга карата Укук бузуулар кодексинин негизинде айып пул салынды.
Натыйжада шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ага карата 15 күнгө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө амалдары уланууда. Мындан тышкары "Экстремист" аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө каттоодо турган 6 жарандын кол тамгалары алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле "Салафия" диний агымынын мүчөсү, 1987-жылы туулган М.Ф. аттуу Каракол шаарынын тургуну мыйзамдуу ТОЗ-34 үлгүсүндөгү 12 калибрдеги сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милицияга өткөрүп берген.
Жалпысынан ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 14 адам Каракол ШИИБине алынып келинип, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















