super.kg logo
  Саясат  

№13 округдан кайра шайлоого катышкан 25 талапкерге төлөмдөр кайтарылып берилет (видео)

 

1-мартка коюлган шайлоо жокко чыгарылып, ага төлөм жүргүзгөн 25 талапкерге каражаттар кайтарылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров жыйында билдирди.

"Күрөө 300 миң сомдон. Жалпы 7 миллион сом топтолгон. Жыйында карап, аны кайтарып беребиз”,- деди Тынчтык Шайназаров.

Ал жыйында Бишкектин административдик соту №13 шайлоо округу боюнча доону карап чыгып, БШКнын чечимин күчүндө калтырганын кошумчалады.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган.

№13 округ боюнча эмнелер белгилүү? Бул жерден окуңуз.






Кайра шайлоо боюнча №13 округдан катышкан 25 талапкерге төлөмдөр кайтарылып берилет

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: