super.kg logo

Орусияда Гейтс фондунун вакцина тармагындагы ишмердүүлүгү боюнча билдирүү жасалды

 

Орусиянын президентинин атайын өкүлү, Орусиянын инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев 15-февралда америкалык ишкер, Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтстин фонду тууралуу билдирүү жасады.

Ал X (мурдагы Twitter) социалдык тармагындагы баракчасында Гейтстин фонду вакциналар тармагында каржылоо, жөнгө салуу жана медиа колдоо аркылуу “көп деңгээлдүү глобалдык көзөмөл” орнотконун жазды. Дмитриевдин пикиринде, бул вакциналардын жайылышына тоскоолдук жаратып, айрым коопсуз препараттардын илгерилешине бөгөт коюшу мүмкүн.

Мындан тышкары ал 2-февралда Гейтстин вакцина багытындагы ишмердүүлүгүн иликтөөгө чакырган. Дмитриев айрым публикациялардан кийин, анын ичинде Жеффри Эпштейн менен байланышы тууралуу маалыматтар чыккан соң, мындай демилге көтөрүлгөнүн билдирген.

Белгилей кетсек, бул маселе боюнча Гейтс фонду тарабынан расмий жооп жарыялана элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: