Шайырбек Ташиев: "Суракка чакырса барууга даярмын"
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген топко тиешеси жок экенин айтты. Ал "Азаттыкка" маек куруп жатып, эгер ал боюнча суракка чакырса бара турганын билдирди.
"Ал аксакалдар эмнеге ошол мыйзамды көтөрүп чыгышты? Мен окуп көрдүм, Жогорку Кеңешке жана президентке кайрылуу жасашыптыр. Жогорку Кеңеш тармактык комитетке талкууга киргизиш керек болчу. Булар кайрылууну бузукулук ниетте жасап жатышабы же кандай ниетте жасашты депчи. Укук коргоо органдары да териштириши керек. Эгерде менин да катыштыгым болсо, азыр чакырышсын, мен барганга даярмын. Мен алардын бирин да тааныбайм",- деди Ташиев.
Бийлик өлкөдө орун алган саясий кырдаалга 75 адамдын кайрылуу себеп болгонун билдирүүдө. Алар суракка алынып, айрымдары кармалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















