super.kg logo
  Саясат  

Украина. Демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда каза болгондордун саны 5ке жетти

 
Киевде полиция менен демонстранттардын кандуу кагылышта каза болгондордун бири
21-январдагы Киевдин Грушев көчөсүндөгү полиция менен демонстранттардын кандуу кагылышуусу

Киевде полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда 5 адам каза тапты. Бул тууралуу дарыгерлердин маалыматына шилтеме берип, украиналык басылмалар жазып чыгышты. 

“Евромайдан” штабынын медициналык жардам кызматынын координатору Олег Мусийдин айтымында, каза болгондор моюн, көкүрөк жана башына октон жаракат алышкан. Мындан сырткары ал дарыгерлерге карата чабуул болгонунан улам 2 адамдын өмүрүн сактай алышпай калганын кошумчалаган. 

Жалпысынан 300 адам жаракат алганын кабарлаган.

19-январда башталган кагылышта демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонуп жатышат. Активисттер полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда дешсе, ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айтууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: