Бишкекте эт жана азык-түлүк бааларын текшерүү боюнча рейддер жүрүүдө
Бишкек шаарынын аймагында эт жана социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейддер өткөрүлдү.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага мэриянын, төрт райондук администрациянын өкүлдөрү, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, шаардык ветеринардык кызмат, салык органдары, укук коргоо жана МАБ кызматкерлери катышты.
Рейд учурунда негизсиз бааларды жогорулатпоону, эт азыктарынын сапатын тастыктаган документтердин болушун жана санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү негизги багыт болгон.
Соода субъекттерине мыйзамдарды сактоо жана бекитилген бааларды так кармоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай рейддер азык-түлүк бааларын туруктуу кармоого жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
Баалар боюнча талаптар бузулса, жарандар төмөнкү номерлер аркылуу кайрыла алышат:
- Свердлов району: 0312 531351, 0312 433891
- Ленин району: 0312 656875, 0312 656901
- Биринчи Май району: 0312 324913
- Октябрь району: 0312 563197, 0312 564610
Эт баасын негизсиз көтөргөн фактылар аныкталса, жооптуу тараптарга мыйзам чегинде чара көрүлөт.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















