Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 17-февралда өлкө аймагындагы унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык, каттамдар үзгүлтүксүз. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош унаа жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Тараз - Талас - Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Мындан улам жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткүлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.
Ал эми Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында каттамдар бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:55
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















