Төрт басылма биригип жаңы медиа бирикме түзүлдү
Кыргызстанда төрт басылма биригип жаңы медиа бирикме түзүлдү. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, токтом "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу максатында, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган.
Жаңы мекеме "Кыргыз Туусу" басма үйүн, "Слово Кыргызстана" басма үйүн, "Байчечекей" балдар журналынын редакциясын жана "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналынын редакциясын бириктирүү жолу менен түзүлдү. Бирдиктүү маалымат-басма үйүн түзүү мамлекеттик медиа системин модернизациялоонун, алардын натыйжалуулугун жогорулатуунун жана өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин чыңдоонун маанилүү кадамы катары каралууда.
Кабыл алынган чечимдер мамлекеттик маалыматтык стратегиянын алкагында бирдиктүү редакциялык саясатты ишке ашыруу үчүн институционалдык шарттарды камсыздоого, мамлекеттик медианы башкаруу системин чыңдоого, контентти өндүрүү жана жайылтуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Токтом менен "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо, штаттык сандын чеги, эселенген коэффициенттер жана кызматкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар бекитилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















