Жашы жете элек кызына унаа айдаткан ата-энеге айып пул салынды (видео)
Жашы жете элек кызына унаа башкарткан ата-энеге айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарга тараган жаш кыздын унаа башкарган видеосу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, унааны жашы жете элек өспүрүм кыз башкаргандыгы аныкталган.
"Анын ата-энеси табылып, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 184-беренесине ылайык, 15 миң сом айып пул салынды. Жашы жете элек өспүрүмдөргө унааны башкарууга уруксат берилбеши керек",- деп билдирди башкармалык.
Жашы жете элек кызына унаа башкарткан ата-энеге айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:22
2026-02-17
18:55
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















