super.kg logo
  Саясат  

Оштогу жаңы “Келечек” базарынын курулушу соңку баскычта (видео)

 
Оштогу жаңы “Келечек” базарынын курулушу жыйынтыктоочу этапка жетип, ички жана сырткы фасадын жасалгалоо, инженердик коммуникацияларды туташтыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда соода жайларынын ээлери тарабынан павильондорду иретке келтирүү, жабдууларды орнотуу жана товарларды жайгаштырууга даярдык көрүү иштери аткарылууда. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайларды иреттөө жана коопсуздук талаптарын камсыздоо багытында кошумча иштер жүрүп жатат.
Курулуш иштеринин жүрүшү "Борбордук базарлар дирекциясы" муниципалдык ишканасы тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынып, ишти белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев базар март айында бүтө тургандыгын билдирген.





Оштогу жаңы “Келечек” базарынын курулушу соңку баскычта

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: