"Ташиевдер таза адамдарбыз". Шайырбек Ташиев декларацияда көрсөтүлгөн байлыгына түшүндүрмө берди
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев "Азаттыкка" курган маегинде декларациясында көрсөтүлгөн 12 миллиард сом байлыгы иш жүзүндө жок экенин айтты.
Ал декларация толтурулуп жатканда мүчүлүштүктөрдөн улам 12 миллиард сом деп жазылып калган дейт. Бирок депутат кандай катачылык кеткенин так айтан жок.
"Меники 12 миллиард деп жазылып калыптыр, бирок өзү ошол сумма жок да. Анан эле эл ызы-чуу кылып жатпайбы. Андай актив жөн гана кагазга жазылып калган. Нөлдөр кошулуп калганбы, айтор, ошондой болуп жазылып калган экен, мен анан 1 миллион сом төлөдүм. А негизи майда-чүйдө жумуштарыбыз бар. Депутаттыкка чейин ишкерлик менен алектенип келгем...
Эгер укук коргоо органдары "12 миллиардды көрсөтүп бер" десе, мен болушунча көрсөтүп туруп, "калганы жок, таап алгыла дейм" да. Биз Ташиевдер таза адамдарбыз. Элибизге чын дилден кызмат кылып келе жатабыз",- деди эл өкүлү.
Эске салсак, Шайырбек Ташиев 2024-жылдагы декларациясына 2,5 миллион сом киреше тапканын маалымдап, 12 миллиард 637 миллион сомдук активдерин көрсөткөн. Бул өз кезегинде коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Шайырбек Ташиев декларациясында көрсөтүгөн байлыгына түшүндүрмө берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















