"Социалдык келишим" алууга арыздарды кабыл алуу башталды
Эмгек министрлиги 17-февралда "Социалдык келишим" программасынын алкагында арыздарды кабыл алуу жана кароо иштери башталганын билдирди.Арыздар айыл өкмөттөрү же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат.
"Социалдык келишим" программасынын алкагында чакан бизнести ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат алууга болот. Быйыл бул программага 13 334 үй-бүлө катыша алат.
Каржылоону социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр ала алышат. Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү жана мүлктүк потенциал болушу, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү зарыл.
Социалдык келишим түзүүдө жашыл багыттагы долбоорлорду жана "Бир айыл – бир продукт" демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну пландаган үй-бүлөлөргө, майыптуулугу бар адамдарга, ошондой эле кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.
Бул келишим түзүү жөнүндө чечимди жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн убактылуу комиссия, ал эми шаарларда - мэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия кабыл алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















