Жубайы зомбулукка айыптаган депутат эсиңиздеби? Ал мандатын тапшырды
Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 17-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мандаты боюнча маселе каралды.
Жыйынтыгында анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды.
Буга чейин Сулайманов өзү БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы маалым болгон.
Эске салсак, январь айында Асел Азаматова аттуу жаран мурунку жолдошу Элдар Сулайманов тарабынан зомбулук көрүп келе жатканын билдирип, социалдык тармакта денесиндеги көгала тактары бар сүрөттөрүн жарыялаган. Милиция сотко чейинки териштирүү башталганын айтып, аялга коргоо ордерин берди.
Сулайманов аталган маалымат боюнча комментарий берип, коомчулуктан чындыкты толук билбей туруп жыйынтык чыгарбоону суранган. Кийинчерээк социалдык тармактарда алардын урушу тартылган видео да тараган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















