Элдар Сулаймановдун ордуна ким келет?
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов мандатын тапшырып берди. БШКда анын арызы каралды.
Өткөн жылдын 30-ноябрында болгон шайлоодо Сулайманов катышкан №5 округда 4-орунга Азизбек Абдуллаев жайгашкан. Ал 3763 добуш алган. Ал округдан депутат болуп шайланган Сулайманов 18 миң 789 добуш, Азамат Исираилов 9248 жана Айгүл Ахмедова 5225 добуш топтошкон.
Демек, Абдуллаев парламенттин аталган округ боюнча бош калган ордуна келет. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Абдулаев мурда ички иштер органдарында иштеген.
Элдар Сулаймановдун болсо мандатын эмне себептен тапшырганы белгисиз. Январь айында коомчулукта анын мурунку жубайы менен болгон чуусу талкуу жараткан.
Сулайманов парламентте "Адилет Кыргызстан" депуаттык тобуна кирген. Ошондой эл ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгын аркалап жаткан.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















