super.kg logo

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү Жылалды орто мектебинин ачылышына катышты

 

Бүгүн, 17-февралда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Жылалды айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

“Билимдүү эл – мамлекетибиздин эң негизги байлыгы. Бүгүнкү күндө дүйнөнү күч менен эмес, билим менен башкарып жатышат. Жарандарыбызга татыктуу билим, мыкты тарбия берүүгө бардык шарттарды түзүү максатында биз дагы дүйнө агымынан артта калбай билим берүү тармагын туруктуу өнүктүрүү жолундабыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой президентибиз Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири окутуунун сапатын арттыруу жана бардык шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө республикада мамлекет тарабынан балдар үчүн камкордуктар күчөтүлүп, бардык шарттары бар заманбап көптөгөн жаңы мектептер курулуп, ишке берилүүдө”,- деди Адылбек Касымалиев.

Өкмөт башчы бул орто мектептин эски имараты айылга 50 жыл кызмат кылып эскиргенин, ал эми жаңы имаратты курууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом каражат бөлүнүп, заманбап окуу аудиториялары, китепканасы, ашканасы, канализациясы, ысык жана муздак суулары жана башка жабдуулардын баары бар 275 орундуу жаңы мектеп имараты пайдаланууга берилгенин белгиледи.

“Бюджеттин каражаты кескин көбөйүп, мугалимдердин, врачтардын, маданият кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатууга шарт түзүлдү. Акыркы жылдары билим берүү кызматкерлеринин эмгек акылары ушуну менен 2 жолу көбөйтүлөт. Курулуп жаткан мектептер, эмгек акы реформасы окуунун жогорку сапаты менен айкалышы зарыл”,- деп сөзүн жыйынтыктады Касымалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: