КОШ БОЙЛУУЛУКТАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР: Даярдык жана сактык

Бул макала кош бойлуулукка даярданып жаткан айымдар үчүн. Жашоосундагы маанилүү этапта кандай өзгөрүүлөр күтөт, эмнеге даяр болуу керек, эмнеден коркпой, тескерисинче, кайсы учурда сак болуу керек экенин алдын ала билип алган туура. Макала сизге жакшы кеңешчи болуп берет деген ишеничтебиз.
КОШ БОЙЛУУЛУКТУН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ
Айыздын токтошу. Бардык кыз-келиндер айыз календарын колдонуусу керек. Календарга карап айыздын канча күнгө кечигип жатканын биле аласыз.
Кээде имплантациялык кан кетиши мүмкүн. Бул процесс этек кир жаңы келип жаткандай бир аз кан аралаш былжыр (мажущие кровянистые выделения) келгендей болот.
Дененин температурасы өзгөрмөлүү болот.
Эмчектин учтарында жеңил оорутуу же болбосо сезимталдык жаралат.
Энергия жок, чарчаңкы абал, уйкусуроо.
Бат-баттан заара ушатып калуу мүмкүн.
Маанайдын өзгөрмөлүүлүгү.
КОШ БОЙЛУУЛУКТУ АНЫКТОО
• Эң биринчи жеңил жана жөнөкөй ыкма дарыканадан тест алып келип текшерип көрүү.
• Акушер-гинекологго кайрылуу. Ал “кош бойлуулук гормону” аталган адамдын хорионикалык гонадотропин анализин (ХГЧ) тапшыртат. Андан сырткары кош бойлуу аял заара, кан жана заң анализдери, мазок, заара ПЦР, кан тобу, резус-фактору жана коагуляция тесттери, микрофлора мазогу, кандын биохимиялык анализи, антителолорду текшерүү, ВИЧ жана вирустук гепатитке тест, УЗИ жана башка текшерүүлөрдөн өтөт.
КОШ БОЙЛУУЛУКТУН ЭТАПТАРЫ
1-3 айлык (1-13 жума)
Алгач эле болочок энеде эмоциялык өзгөрүүлөр: маанай өзгөрмөлүү болот, бат сүйүнүп, бат эле кайгырып, таарынып, болбогон нерсеге ыйлап жана башка. Бат чарчап, уйкусурап же тескерисинче, энергиясы ашып-ташып калышы мүмкүн. Тамак-аш, жыттарга сезимталдуулук башталат, көңүл айлануу, кусуу (өзгөчө эртең менен) менен коштолот. Эмчек сезимтал болуп, сүт бездери алдын ала даярдана баштайт. Уктап жатканда бут-кол тырышып калуусу мүмкүн. Кээ бир айымдарда мурдагы жашоосунан айырмаланган белги деле байкалбай жеңил өтөт. Анткени ар бир организм уникалдуу, керекпи бир эле аялда бир нече ирет кайталанган кош бойлуулуктун белгилери такыр окшошпойт.
4-6 айлык (14-27 жума)
Түйүлдүктүн активдүү өнүгүп жаткан маалы. Эне менен баланын ортосундагы байланыш бекемделип, бала кыймылдап, тебинип баштайт. Бул убакытта эне алгачкы үч айга караганда өзүн жеңилирээк сезип калат, көпчүлүгүндө токсикоз басылат. Эмоционалдык абалы да калыпка келет. Бирок башка өзгөрүүлөр байкалат. Мисалы, курсак чоңоё баштайт, бетке сепкил жана башка тактар түшөт, эмчектин тегереги карарат, маал-маалы менен белде, жамбаш сөөк тушта акырындан оорутуу белгилери байкалат, буту-кол чымырашы мүмкүн.
7-9 айлык (28-40 жума)
Аялдын дем алуу системинин жана бөйрөктүн “жумушу көбөйөт”, жатын жана сүт бездери бир нече эсе чоңоёт, кан адаттагыдан көбүрөөк иштелип чыгат. Дем жетпей, бат эле энтигип калуу болот. Бет, колу-бут, айрыкча буттун томуктан ылдый бөлүгү шиший баштайт. Зарна болушу ыктымал. Айрымдарда геморрой, ич катуу байкалат. Киндик алдыга чыгат, бутта варикоз чыгышы мүмкүн. Уйкусуздук пайда болот. Бат-баттан заара ушаткысы келет, бул нормалдуу көрүнүш, анткени курсактагы бала чоңоюп, башка органдарды кысканынан улам. Төрөгөндөн кийин бул маселеден кутуласыз.
КАНЧА САЛМАК КОШУЛУУСУ КЕРЕК?
Албетте, кош бойлуу аял салмак кошот, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кош бойлуулукка чейин салмагында маселе болбогондор, тагыраагы, орточо салмакта жүргөндөр боюнда бар кезинде 11-16 килограммга чейин салмак кошуусу нормалдуу көрүнүш. Арык айымдар 18 килограммга чейин салмак кошсо болот. Ал эми кош бойлуулукка чейин ашыкча салмак менен жүргөндөргө 10 килограммга чейин гана салмак кошуу сунушталат. Бул үчүн, албетте, тамак-аш рационуна олуттуу көзөмөл кылуу керек.
ЭМНЕДЕН САК БОЛУУ КЕРЕК?
Кош бойлуу айым дайыма организминдеги өзгөрүүлөргө маани берип турушу керек. Кайсы учурда дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл?
• Баш оорусу бат-бат кайталанса, басылбай катуу ооруса, көздүн алдында чыбырчыктаган нерселер пайда болуп жатканда.
• Күтүүсүз катуу шишик басып кеткен учурда.
• Жыныс кынынан кан келгенде.
• Курсактагы бала күнүгө кыймылдап турушу керек, эгер бир күн бою анын кыймылы байкалбаса, дароо ооруканага барыңыз.
• Убагына жете электе жатындагы суу агып кеткенде.
• Курсакта катуу оорутуу байкалганда.
•Жаракатка кабылганда.
•Болочок эне ооруп калганда да дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл, үй шартында дарыланууга болбойт.
КАМ КӨРҮҮ
Кош бойлуу аял өзүнө кандай кам көрүшү зарыл?
1. Тамак-аш. Кош бойлуу аялдын тамак-аш рациону витамин, пайдалуу минералдарга бай болушу керек. Жашылча-жемиш, жаңгак түрлөрү, буурчак түркүмүндөгүлөр, майы аз эт, балык түрлөрү, сүт азыктарын көбүрөөк колдонуңуз. Ал эми таттуу, туздуу, майлуу азыктарды жегиңиз келсе да, түйүлдүктү ойлоп баш тартуу керек. Кош бойлуулуктун акыркы 3 айында ун азыктарын азайткан жакшы.
2. Физикалык активдүүлүк. Кош бойлуулук – бул оору эмес. Андыктан күнү кечке төшөктө жатуу туура эмес, эгер дарыгер гана ден соолуктагы көйгөйлөргө байланыштуу жат деп көрсөтмө бербесе. Буга чейин эмне кылып жүргөн болсоңуз, ошолорду эле кыла бериңиз. Болгону өтө оор нерсе көтөрбөңүз, кескин кыймыл-аракет жасап, чуркап, секирген болбойт. Күнү бою туруп иштеген да болбойт, организм кыйналып бара жатканын байкасаңыз, жатып эс алыңыз. Боюнда барлар үчүн йогага, пилатеске барса болот. Сууда сүзүү сунушталат, айрыкча курсак чоңойгондон кийин сууга түшсөңүз омурткаларга аз да болсо жеңилдик болот. Бирок сууда сүзүү сиздин организмге жарайбы, алдын ала акушер-гинеколог менен сүйлөшүп алган туура. Көп басуу керек, таза абада сейилдөө жакшы.
3. Жаман адаттар. “Баланча тамеки тартып, спирт ичимдиктерин ичип жүрүп эле дени сак балдарды төрөдү” деген болбойт. Анткени бул жаман адаттар курсактагы түйүлдүктө тубаса дефекттерди, патологияны пайда кылат.
4. Витаминдер. Өз алдынча витамин болсо да ичүүгө болбойт. Дарыгер анализ боюнча сизге эмне жетпей жатканын аныктап, ошого жараша витамин жазып берет. Ошолорду убагында ичүүнү унутпаңыз.
5. Гигиена. Тазалык – ден соолуктун сакчысы экенин унутпаңыз. Бут, курсак териси жарылып кетишин күтпөй, кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинен баштап терини көндүрүп атайын крем, майларды сүйкөп турсаңыз, тери жарылбайт. Бетке да кам көрүңүз, күн нурунда болгондо сөзсүз күндөн калкалоочу баш кийим кийип, суук-ысыкка карабай күндөн коргоочу спф кремин сүйкөйбүз. Анан да суу балансын унутпаңыз, жетиштүү өлчөмдө таза суу ичүү керек.
6. Стресс, уйку. Стресстен качып, эмоцияны көзөмөлдөй билиңиз. Анан толук кандуу тынч уйку керек.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















