super.kg logo

Канатбек Абдыкадыровдун өлкөдөн чыгуусуна чектөө коюлганы айтылууда

 

Бүгүн Кыргыз футболдук союзунун вице-президенти Канатбек Абдыкадыров чет өлкөгө чыгууга аракет кылганда чек арадан өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарга шилтеме берүү менен 24.KG жазды.

Маалыматка ылайык, чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан учурда анын аты-жөнүнө чыгууга чектөө коюлганы аныкталган. Андан соң Абдыкадыров Ички иштер министрлигинин башкы кылмыш иликтөө башкармалыгына суракка жеткирилген. Кийинчерээк ал коё берилген. Окуя боюнча укук коргоо органдары азырынча расмий комментарий бере элек.

Ошондой эле булактар Нургазы Анаркуловдун кармалганын билдиришти. Ал мурдагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жакын байланышта болгону айтылууда.

Маалыматка караганда, Анаркулов Казакстан менен чек арадан Кыргызстанга кирип келе жаткан учурда кармалган.

Бул маалыматтар азырынча расмий органдар тарабынан тастыктала элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: