super.kg logo

Чүйдө мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды

 
Чүйдө мыйзамсыз курал жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын октябрь айында райондук милиция "Калинин райондор аралык аңчылар жана балыкчылар" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен биргеликте браконьерлик менен алектенген жарандарды кармашкан. Алардын жанынан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок "ТОЗ-16" жана "ТОЗ-8" үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар табылган.
Бул факт мыйзамда белгиленген тартипте каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн алкагында алынган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.
Факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, 16-февралда шектүү катары 38 жаштагы
М.М. жана К.Р. аттуу жарандар кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: