Абактан бошотулган Даниэл Ажиевди балдары кантип тосуп алганы тартылган видео тарады
Вебкам студиялардын негиздөөчүсү аталган Даниел Ажиев абактан бошотулуп, үй-бүлөсү аны тосуп алды.
Интернет желесине тараган видеодон аны балдары чыдамсыздык менен күткөнүн көрүүгө болот. Социалдык баракчалардын колдонуучулары түрдүү пикир калтырып, айрымдары балдары үчүн бошотулганын кубаттаса, кээ бири анын кылган ишин жектөөдө.
Эскерте кетсек, УКМК 2023-жылы 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студиялар тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрү конфискацияланып мамлекеттин балансына өткөн. Мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.
Ал эми былтыр Камчыбек Ташиев анын аялына батир менен унаа белек кылган.
Абактан бошотулган Даниэл Ажиевди балдары тосуп алган видео тарады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















