Депутат Ысык-Көлдүн эки районуна жаңы оорукана салууну суранды (видео)
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна жаңы эки оорукана куруу зарыл. Мындай пикирин депутат Болот Сагынаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 18-февралдагы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү Жети-Өгүздөгү жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы оорукана авариялык абалда турганын белгилеп, жаңы имарат куруу зарылдыгын айтты.
"Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Кумтөрдү" көп жыл аралыгында жеке менчик компаниялар иштетип келген, бирок ал жердеги социалдык объекттер көңүл толо тургандай бүткөрүлгөн эмес. Жакында эле өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө жакынкы 5 жыл аралыгында "Кумтөрдөн" 5 миллиард доллардан ашык каражат түшкөнүн айтты. Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районундагы жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы оорукана авариялык абалда турат. Республикалык бюджеттен жаңы оорукана имаратын салып берүүнү сунуштайт элем",- дейт депутат.
Депутат Ысык-Көлдүн эки районуна оорукана салууну суранды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















