Депутат кесиптештерин ынтымактуу иш алып барууга чакырды (видео)
Жогорку Кеңештин депутат Азизбек Турсунбаев парламенттин 18-февралдагы жыйынында кесиптештерин ынтымактуу иш алып барууга чакырды.
"Баарыбыз элге, мамлекеттке кызмат кылалы деп бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып келдик. Парламенттеги, өкмөттөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу коомдо элдин маанайы башкача болуп турат. Ошондуктан депутаттарга кайрылат элем. Бүгүнкү күндө ынтымакта иш алып барсак. Эл бизди карап турат, бизден көп нерсе көз каранды.
Акыркы 4-5 жылда Кыргызстандын экономикасы тездик менен өсүп, алдыга кетип бара жатат. Аны улантышыбыз керек. Бардык тармакта жакшы иштер болууда. Бир Кыргызстан үчүн ынтымакта иш алып баралы",- деди эл өкүлү.
Депутат кесиптештерин ынтымактуу болууга чакырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:18
2026-02-18
15:03
2026-02-18
14:01
2026-02-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















