super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сулайманов президентке ыраазычылык айтты (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов 18-февралдагы парламент жыйынында президент Садыр Жапаровго айдоочуларды даярдоо боюнча жасап жаткан иштер үчүн ыраазычылык айтты.

"Өткөндө бизде айдоочуларды даярдоо, анын убактысы боюнча маселе көтөрүлүп, талаш-тартыш жаралды эле. Бүгүнкү күндө айдоочулардын баары президентибизге ыраазы болуп жатышат. Төрт айга чейин окутууга мүмкүнчүлүк берди. Андан кийин аларга тестирлөөдөн өтүүгө уруксат берилип жатат. Бир жылга чейин убакыт бергени - туура эле, анткени ал кандай айдоочу болот, анын ичинде ал өзүн кандай көрсөтөт. Анан биротоло айдоочулук күбөлүк алышат дегендей",- деди эл өкүлү.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул кадамдар жарандардын коопсуздугун сактоого, айдоо маданиятын жайылтууга, жарандарды жоокерчиликтүү болууга үндөйт.

"Ушул кыскартылган нөөмөттү туура эмес падаланбай, "кыскартып беришти, эптеп окуп алабыз" дебей жол эрежесине дыкат мамиле кылып, так сактоого чакырып кетем",- деп кошумчалады ал.






Депутат президентке ыраазычылык айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: