Талас шаарында чайканадан өрт чыкты (видео)
Бүгүн, 18-февралда Талас шаарындагы “Сезим” чайканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сарыгулов көчөсү №60/80 дарегинде, борбордук базардын аймагында жайгашкан “Сезим” чайканасынан өрт чыккандыгы тууралуу саат 09:06да маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылды. Саат 09:21де чектөөгө алынып, 09:51де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 16 чарчы метр аянт толугу менен күйүп, жабыр тарткандар жок.
Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгуу себеби кыска чыңалуу.
Талас шаарындагы чайханадан өрт чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:24
2026-02-17
14:37
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















