Талант Мамытов депутат катары ант берди
Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Талант Мамытов ант берди.
Ага депутаттык күбөлүктү жана төш белгини БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров тапшырды.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган.
Бүгүн болсо, БШК №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттаган.
Талант Мамытов депутат катары ант берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:39
2026-02-20
15:19
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















