Жаңы 3 депутат "Мекенчил" депутаттык тобуна кошулду
Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова ант беришти.
Алтынбеков алар "Мекенчил" депутаттык тобуна кошулушканын жарыялады. Алар БШК №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган соң эл өкүлү болуп келишти.
Айта кетсек, "Мекенчил" депутаттык тобунда 19 депутат бар болчу. Эми саны 21ге жетти. Топтун жетекчиси Кундузбек Сулайманов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:18
2026-02-18
15:03
2026-02-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















