super.kg logo
  Саясат  

"Мындай окуя болмок эмес". Талант Мамытов 75 адамдын каты боюнча мурунку спикерди сындады

 

Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мандат алган депутат Талант Мамытов президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесинин парламентке киргизилгени туура эмес болгонун айтты.

"Парламенттин төрагасынан көп нерсе көз каранды. 75 адамдын кайрылуусун парламентке киргизбей койсо, мындай окуя болмок эмес. Парламент президенттин мөөнөтүн аныктай турган, Конституциянын беренелерин талкуулай турган орган эмес. Чечмелеп гана бериши мүмкүн.

Бул маселеде талаш-тартыш жаратпастан, депутаттарды ыңгайсыз абалга калтырбастан Конституциялык сотко бериши керек болчу. Ошондо бүгүнкүдөй болуп жакшынакай эле чечилмек. Спикер депутаттарды туңгуюкка алып барып кептебестен, туура жолду таап, элди ынтымакка чакырышы керек.

Кандай маселелер, сүйлөшүүлөр болбосун, урматтуу кесиптештер мыйзам жогору турат. Президентибизди эл шайлаган. Кийинки аракеттер да мыйзам талаасында болушу керек",- деди ал.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Ал учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу болчу.

Кайрылуудан көп өтпөй өлкөдө саясий кырдаал болуп өттү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, спикер Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон бир катар кызмат адамдары жумуштарынан бошотулушту. Демилгечилер суракка алынышып, 5 адам камакка алынды.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушу эмнеге алып келди? Бул шилтемеден окуңуз.







Талант Мамытов 75 адамдын кайрылуусуна токтолуп, мурунку спикерди сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: