super.kg logo

Кыргызстандын элчиси Түркиянын ТИМ орун басары менен жолугушту

 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Али Озел менен жолугушту. Бул тууралуу 18-февралда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлин жогору баалап, эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу жана тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда консультацияларды өткөрүү пландарын белгилешти.

Ошондой эле Казакбаев президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара саякаттоо жана аймактарында жүрүп туруу маселелерин, анын ичинде жашоо шарттарын жөнөкөйлөтүү жана визасыз режимдердин мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн кеңири талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: